Кыргызстанда 1-сентябрга карата теңдештирүүчү гранттар 883 миллион сомго каржыланды. Муну 22-сентябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кирешелерди теңдештирүү үчүн 2014-жылдын республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 299 миллион 700 миң сом суммасында бекитилгени айтылды. "Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата иш жүзүндө 883 миллион 400 миң сом суммасында каржылоо жүргүзүлдү. Ушул жылдын сентябрь айына карата каржылык планда 130 миллион 400 миң сом каралган, каражаттар быйылкы жылдын 25-сентябрына чейин каржыланат",- деп билдирет мекеме.
Теңдештирүүчү гранттарды 1 шаар (Көк-Жаңгак шаары) жана 384 айыл өкмөтү алат.
Тийиштүү мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегеримдер, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызматтарды каржылоого жумшалууга тийиш экени айтылат.