Аликбек Жекшенкулов "элде биометрикалык паспортко ишеним жок" деди

Кыргызстанда элдин биометрикалык паспортко ишеничи жок. Муну 22-сентябрда коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов партиялык тизме аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартибин өзгөртө турган мыйзам долбоору талкууланган коомдук угууда айтты. Анын билдиришинче, мындай паспорттор менен банктык эсептен акча которуп алууга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча интернетте мисалдар көп. "Биометрикалык паспорт боюнча иштер кечигип жасалууда, шайлоого чейин үлгүрбөй калабыз. Мамлекеттик органдардын аткаруу дисциплинасынын деңгээли төмөн экенин да унутпашыбыз керек. Же бийлик бул жөн эле алаксытуу экенин, шайлоо эскиче болорун моюнга алышы керек",- дейт Жекшенкулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан