Кыргызстанда 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого 230 миллион сом бөлүнөт. Муну 22-сентябрда парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Министр 2015-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн 243 миллион сом, дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамды ишке ашырууга 148 миллион сом жумшаларын кошумчалады. Жыйында КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.