Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, кыргыз-казак чек арасынан Бажы кызматы алынат

Бүгүн, 22-сентябрда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында КРнын Бажы кызматынын башчысынын орун басары Таалайбек Масабиров: “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, кыргыз-казак чек арасынан Бажы кызматы алынат”,- деп билдирди. Анын айтымында, аталган биримдикке кириши менен Кыргызстандын бажы кызматкерлеринин саны кыскарбайт. “Бул кызматкерлер кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларын көзөмөлдөөсүн күчөтөт. Айта кетсем, КРнын Бажы кызматында 1270 кызматкер катталган”,- деди ал.

Мындан тышкары Масабиров "Кыргызстанга Беларусь, Орусия жана Казакстандын бажы кызматкерлери келип иштей башташат" деген кеп чындыкка туура келбей турганын айтты. "Кыргыз-кытай чек арасын кыргызстандык бажы кызматкерлери гана көзөмөлдөшөт",- деп толуктады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан