Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер эми мүлккө ээлик кылышы боюнча өздөрүнүн гана эмес, жакындарынын чыгашалары боюнча да отчёт беришет. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев 19-сентябрда кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Чиновниктер чет өлкөдөгү мүлктөрүнө кеткен чыгымдар боюнча да маалымат тапшырууга милдеттендирилди. Токтом боюнча Оторбаев "мамлекеттик башкаруу системин реформалоо жана дүйнөлүк мыкты тажрыйба менен коррупцияга каршы күрөшүү үчүн дагы бир олуттуу кадам жасалды" деп билдирди.
Оторбаев кол койгон документ чиновниктердин декларация тапшыруусуна тийиштүү жоболорду өзгөртөт. Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер тапшырган декларациясында өздөрүнүн жана жакындарынын тапкан кирешеси гана эмес, чыгашалары боюнча да маалымат берүүгө тийиш. Мисалы, кызматкер кымбат баалуу автоунаасын кайсы акчасына сатып алганын көрсөтүшү керек болот.
Мындан тышкары декларация тапшырууга милдеттүү болгон мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси кеңейди. Эми саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматта иштегендер, район, облус башчылары, шаардык кеңештин төрагалары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери декларация тапшырууга өтүшөт.