Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште мугалимдердин маянасын жогорулатуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев билим берүү тармагында каралган ар бир тыйын кайда кетип жатканын жана анын максаттуулугун иликтеп чыгуу зарыл экенин айтты. Жыйындын жүрүшүндө жогорку окуу жайларды өзүнчө, мектептерди өзүнчө жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өзүнчө кароо сунушталды. Республикалык кошуундар бирлигинин өкүлү Кубатбек Ниязбеков типтүү штаттар бекитилген өкмөттүн токтому менен тиешелүү инструкциялар дал келбестигине токтолуп, токтомду өзгөртүү зарылдыгы турганын белгиледи. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев мугалимдердин маяналарын этап-этабы менен көтөрүү жагына мүмкүнчүлүктөрдү караса болоруна токтолсо, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “алгач категория, кошумча төлөмдөр жана башка жагдайларды эсептеп чыгып, андан кийин кирешелердин түзүмдөрүн кайра кароо керек” деди ал.
Соңунда кийинки отурум 29-сентябрга белгиленип, анда Билим берүү, илим министрлиги бул багытка жумшала турган каражаттардын максаттуулугун аныктоо үчүн так эсеп-счётторду алып келмей болду.