Депутаттар Коргоо министрлигинин ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү демилгесин үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүштү

Бүгүн, 22-сентябрда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутаттар Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууга жөнөтүштү. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Исмаил Исаков: “Буга чейин өкмөт бюджеттик укук боюнча жаңы концепцияны иштеп чыгууну буйруган. Ошондуктан бул маселени да караштырып, тиешелүү чечимдер чыгарылыш керек. Мындан тышкары Коргоо министрлигинин жана Башкы штабдын функцияларын жана бюджеттерин бөлүү зарыл”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан