Депутаттар Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү каржы эрежелеринин долбоорун артка кайтарышты

Депутаттар Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү каржы эрежелеринин долбоору такталып бүткүчө жана Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсү келгиче фондго тийиштүү каржы эрежелери боюнча макулдашуунун долбоору кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Түрк маданияты жана мурасы фондун түзгөн жалпы каражаттын 0,5 пайызын түзүп, бул фондду түзүүгө катышкан өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү үлүш болуп саналат. Ал жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен бекитилип турат. Бирок фонддун 2015-жылга карата жалпы каражатынын көлөмү азырынча тактала элек.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын 23-августундагы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жалпы түрк элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында Түрк маданияты жана мурасы фондун түзүү келишимине кол коюлган. Анын жобосу 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Курамына Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан өлкөлөрү кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан