Айыл чарба министрлиги: Тоюттун аздыгына байланыштуу чөп менен саман кымбат болууда

Кыргызстанда быйыл 19-сентябрга карата тоют менен камсыздоо 25,1 пайыз же өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга аз. Муну 22-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. Тоют менен Баткен облусу 12,6 пайызга камсыздалганы айтылды. "Бүгүнкү күндө чөпкө болгон баанын эң төмөнкү наркы 150 сом, эң жогорку наркы 250 сом болуп жатат. Бул арада чөптүн баасы жогорулаганы байкалууда. Маселен, 2013-жылы ушул мезгилде чөптүн бир түгү 110 сомдон сатылган, ал эми 2012-жылы 130 сом болгон. Чөп менен бирге саманга болгон баа дагы кымбаттады. 2014-жылы саман 80 сомдон 220 сомго чейин бааланып жатат. Өлкө боюнча орточо 150 сом",- деп билдирет министрлик. 
Кыргызстанда чөп жана саманга болгон баа тоюттун аздыгына байланыштуу жогору болуп жатканын кошумчалайт мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан