Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо иштелип, айылдык кеңештин сессиясында бекитилди. Жобого ылайык, жарандар эми муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин жеке менчикке же ижарага белгиленген тартипте ала алышарын Бешкент айылдык кеңешинин төрагасы Орифхожа Бахавидинов билдирди. Бекитилген жобонун шарттары Юстиция министрлиги тарабынан катталгандан тартып өз күчүнө кирет. Жер тилкелери ижарага төмөндөгүдөй мөөнөттө берилет:
- кыска мөөнөттүү - 5 жылга чейин;
- орто мөөнөттүү – 15 жылга чейин;
- узак мөөнөттүү – 50 жылга чейин (49 жылды кошо эсептегенде).