Өкмөттүк комиссиялар кышка даярдык боюнча облустарды кыдырып жүрүшөт

Өкмөттүк комиссия кышка даярдык көрүү боюнча учурда Жалал-Абад облусун кыдырып жүрөт. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, өлкө аймактарынын кышка даярдыгын текшерүү үчүн бир нече комиссия түзүлгөн. Жалал-Абад облусу боюнча комиссияны энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жетектеп, анын курамында айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев бар. Комиссия 21-сентябрда Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Чодуевдин айтымында, райондо тоют маселеси канааттандырарлык. Комиссия 22-сентябрда Таш-Көмүр шаарын кыдырып жүрөт. Андан соң сапарын Аксы, Ала-Бука жана Майлуу-Суу шаарларынан улантат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан