Кыргызстандагы мыкты токойчулар сыйланышты

19-сентябрь - Токой чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өлкөдөгү мыкты токойчулар сыйланышты. Аларга "Айлана-чөйрөнү коргоонун мыктысы" деген төш белги, Ардак грамоталар, баалуу белектер берилгенин Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги кабарлады. Агенттиктин башчысы Сабир Атажанов токой адамзатка берилген баа жеткис белек экенин белгилеп, токойчулардын мындан ары да жемиштүү иштешине ишенерин билдирди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн өкүлдөрү катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан