Эртең, 23-сентябрда Кыргызстандын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык мааракесине арналган маалымат жыйын болот. Ага парламент депутаты Эльмира Жумалиева, Иманалы Айдарбеков атындагы коомдук фонддун президенти, медицина илимдеринин доктору Зифаргүл Айдарбекова, аталган коомдук фонддун кеңешчиси Малик Ниязалиев жана башкалар катышат. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары бир катар белгиленген иш-пландар, анын ичинде И.Айдарбеков атындагы социалдык-маданий, тарыхый борбордун курулушу жөнүндө маалымат беришет.