Бүгүн, 23-сентябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Мелис Турганбаевди ички иштер министрлигине бекитип берүү боюнча сунушу каралат. Жыйында комитет мүчөлөрү талапкердин алдыдагы иш пландары менен таанышышат.
Айта кетсек, Мелис Турганбаев өлкө башчынын 16-сентябрдагы буйругу менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.