Валерий Диль: "Бишкек шаары кышка даяр"

Вице-премьер-министр Валерий Диль 22-сентябрда Бишкек шаарынын кышка даярдыгын текшерип чыкты. Өкмөттөн билдиришкендей, вице-премьер 4 от казандын, "Абдыкалыков" көмөк чордонунун, мектеп, бала бакчалардын иши менен таанышты. Мугалимдер мектептерде кышка даярдык көрүү иштери аяктаганын билдиришти. Ала-Тоо конушуна барган Диль "Газпром Кыргызстан" ишканасынын өкүлүнө борбор шаардагы 22 конушка газ жеткирүү долбоорун карап чыгууну сунуштады. Иш сапары учурунда Диль: "Биз быйыл 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек. Бүгүн от казандарды көрүп, Бишкек быйылкы кышка даяр экенин билдим. Шаар кышка даярдык көрүү ишин план боюнча жүргүзүүдө",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан