Бөдөш Мамырова: "Жаратылыш беренелерин сактоо - жалпы адамзатка тиешелүү милдет"

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-сентябрда “Евробирлик менен Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүшү жаатындагы илимий-технологиялык кызматташтыгы” аталышында эл аралык конференция өтүүдө.

Жыйында депутат Бөдөш Мамырова дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда экологиялык абалдын таза башаты болуп саналган мөңгүлөрдү сактоо маселелери курч тургандыгына токтолду. “Бул иш-чара адистер менен окумуштуулардын, коомдук ишмерлер менен эл аралык эксперттердин башын кошуп жатканы менен баалуу. Биз алардын климаттын өзгөрүшү жаатындагы пикирлери менен сунуштарын эске алып, ошого жараша чараларды көрүүгө тийишпиз. Жаратылыш беренелерин сактоо, коргоо, өрчүтүү жалпы адамзатка тиешелүү милдет болуп саналат,- дейт Мамырова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан