Бишкекке бүгүн, 23-сентябрда расмий иш сапары менен Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз келет. Муну өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти. Анын иш сапары Түркия менен Кыргызстандын аскердик кызматташтыгынын алкагында уюштурулганы айтылды. Жолугушууларда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгына тийиштүү маселелер талкууланып, бир катар макулдашууларга кол коюлмакчы. Түркиялык министр КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев менен жолугушуу өткөрө турганы айтылды.