Бүгүн, 23-сентябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Мелис Турганбаевди ички иштер министрлигине бекитип берүү боюнча өкмөттүн сунушу каралды. Комитет мүчөлөрү Турганбаевдин иш пландарын укту. Суроо-жооптон соң депутаттар ички иштер министрлигине Мелис Турганбаевди дайындоону жактырышты.