Бишкектеги таштанды таштоочу жайда 39 жаштагы айым өзүн өзү өрттөп, анын кесепетинен каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 22-сентябрь күнү Бишкектеги таштанды таштоочу жайдан адамдын өрттөнгөн денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркум 1975-жылы туулган Самара Барктабасова экендиги аныкталган.
“Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон айым үй-бүлөлүк маселелерден улам ушундай жолго барган. Ал ошол жердеги таштанды таштоочу жайда иштеп жүргөн. Коңшуларынын айтымында, каза болгон айым “бензин чачып өрттөнүп өлөм” деп көп коркутчу экен. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат” деп билдирди Бишкек ШИИББи.