Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында депутаттар вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жыйынга келбегенин сындап чыгышты. Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева вице-премьер кайрадан иш сапарга кеткенин айтып нааразычылык билдирди. "Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча Сариева баяндама жасашы керек эле. Бул маселени медицина кызматкерлери чече алышпайт. Сариева өзү келиши керек. Качан келет, маселени ошондо карайбыз",- деп билдирди ал.
Айта кетсек, комитеттин мурунку жыйынында да Сариеванын жоктугу депутаттардын нааразычылыгын жараткан болчу.