“Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү олуттуу тынчсызданууну жаратууда” деди депутат Осмоналиев

“Эксперттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, дүйнө жүзүндө жана айрым аймактарда климаттын өзгөрүшү боюнча түзүлгөн кырдаал олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Климаттын өзгөрүп бара жаткандыгы бүгүнкү күндө адамзат үчүн өтө актуалдуу жана маанилүү көйгөйлөрдөн бойдон калууда”. Муну парламент депутаты Каныбек Осмоналиев 23-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан “Евробирлик менен Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүшү жаатындагы илимий-технологиялык кызматташтыгы” аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Айтымында, климаттын өзгөрүшүнөн айлана-чөйрөнү сактап калуу жаатында өнүккөн өлкөлөр тарабынан заманбап технологиялар, каржылык колдоолор менен камсыздоонун эл аралык натыйжалуу механизмин түзүү зарыл. 

“Кыргызстан түзүлгөн кырдаалдан чыгууда биргелешкен программалар менен долбоорлорду ишке ашырууда Евробирлик жана Борбордук Азиянын бардык эл аралык уюмдары, илим изилдөө институттары, университеттери, окумуштуулары жана адистери менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бүгүнкү конференциянын негизги максатын дагы ушул деп билебиз”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан