“Ички иштер министрлигине акча бөлүнбөй жатса кайдагы реформа?”- деди ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев. Ал бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында айтты.
Депутаттар Турганбаевден “Ички иштер министрлиги бир топ жылдан бери эле “реформа жүргүзөбүз” деп келет. Бирок реформа аягына чыкпай койду. Бул чөйрөнү эң жакшы билесиз. Реформаны бир министр баштаса, экинчиси келип токтотуп коёт. Реформанын жүрбөй жатышына эмне тоскоолдуктар болуп жатат?”- деп сурашты.
Турганбаев: “Акча бөлүнбөй жатса кайдагы реформа? Бул жерде эң негизги маселе - каржы. Орусия Ички иштер министрлигине реформа кылды, 2 миллиард доллар кетти. Техникалары, имараттары жана башкаларынын баары өз орду менен болду. А бизге акча бөлүнбөй жатпайбы”,- деди Турганбаев.