Эльвира Сариева Талас облусунун кышка даярдыгын текшерүүдө

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 23-сентябрда Талас облусундагы иш сапарында аймактын быйылкы кышка даярдыгын текшерүүдө. Вице-премьер элге көмүр сатуучу отун базаларынын, бала бакча, мектеп, ооруканалардын кышка камылгасын көрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, иш сапардын аягында Сариева кышка даярдык көрүү боюнча облустук штабдын өкүлдөрү менен атайын жыйын өткөрөрү айтылды. Учурда Талас облусунда 63 отун базасы иштеп жатат. 
Айта кетсек, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жарлыгы менен Эльвира Сариева Талас облусун кышка даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан