Бүгүн, 23-сентябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Максүтов өзү билдирди.
Жолугушууда премьер-министр аны министрликке талапкер катары жактырганын айтты. “Өкмөт башчы менен бир саатка чукул сүйлөшүп, министрликтин орчундуу делген маселелерин талкууладык. Ал “Маданият министрлиги чыгармачыл эмес, саясий кызмат, чечкиндүү чараларды кабыл алып, министрликтин азыркы көйгөйлөрүнөн арылтуу керек” деди. Мен да бул чөйрөнүн ички, тышкы маселелерин жакшы түшүнө турганымды айтып, министр болуп калсам, сөзсүз түрдө көйгөйлөр чечиле турганына убада бердим”,- дейт Максүтов. Андан сырткары биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев жана вице-премьер Эльвира Сариева менен да жолугушуп, пикир алышканын кошумчалады.
Айта кетсек, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясы маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Алтынбек Максүтовду жалгыз талапкер кылып тандаган.