Саясий лидерлердин тамак-аш тизмеги коомчулук үчүн дайыма эле ачык айтыла бербейт. Бул нерсе өлкө башчысынын жеке жашоосу менен байланыштырылат. Президенттер, падышалар, өкмөт башчылары эмне ичишет? Бул тууралуу көбүнчө алардын өздөрүнүн айтымынан гана билүүгө мүмкүн. Айрым мурунку жана азыркы президенттердин табити тууралуу сөз кылалы...
Мисалы: "Эмменталь" сырынан улам Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын ашыкча салмак арттырып алганын өткөн аптанын соңунда чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Түндүк Кореянын лидери аталган сырга, акуланын канатынан жасалган тамактарга жакын экенин президенттин үй-бүлөсүнүн мурунку башкы ашпозчусу Кенжи Фуджимото билдирген. Түндүк Кореядан 2001-жылы Японияга качып кеткен Фуджимото Ким Чен Ын 14 жашында арак ичүүнү баштаганын, бир бөтөлкө аракты өзү жалгыз ичип коюуга жөндөмдүү экенин айтат.
АКШнын президенти Барак Обама жөнөкөй тамактарга, анын ичинен тез татымдарга жакын. 2010-жылы Обама Вашингтондун чет жакасында Орусиянын азыркы премьер-министри Дмитрий Медведевди "бургер" тибиндеги тез татым менен сыйлаган жайы бар. Америка лидери сырага жакын. 2012-жылы ал Ак үйдүн аймагына атайын сорттогу "White House Honey Ale" деген сыра чыгарган чакан ишкана жайгаштырган. 2008-жылы Обама Иллинойс штатынын сенатору болуп турган учурда америкалык басылмалар анын сүйгөн тамак-ашынын тизмесин жарыялашкан. Тизмеде куурулган бадам, мисте, жер жаңгак кошулган батончик жана жашылча-жемиштер болгон. Суусундук катары жөнөкөй суу жана чай ичет. Обаманын майонез, чипсы жебей турганы айтылат.
Орусия лидери Владимир Путиндин жактырган тамак-ашы тууралуу өтө кенен маалымат жок. Өлкө башчысы бир ирет тамак ылгабай турганын айткан жайы бар. "Эгер эт менен балыктын бирин тандаш керек болуп калса, балыкты тандайм. Эттерден койдун эти жагат. Таттууга негизинен жокмун, балмуздакты эсепке албаганда. Кайсы бир жакка барып калсам, жергиликтүү ашкананын тамактарын рахаттануу менен баамдап көрөм. Көптөн бери көк чайга көнүп алгам",- деген Путин.
2012-жылы Путин эртең мененки тамакта журналисттер менен бирге болгон. Анда анын эртең менен буламык жана бал кошулган быштак жей турганы, өзү коктейль жасап ичери ачыкталган. 2008-жылы Орусия президенти Татарстандагы иш сапарында ашканалардын бирине кирип, 37 рубль 60 тыйынга тамактанган. Анда президенттин столуна тоок шорпосу, салат, күрүч менен уйдун эти алынып келинген.
Путиндин мурунку жубайы Людмила Путинанын, тескерисинче, Путин тамакты тандап жей турганын, тамактын кичине эле бир нерсеси жакпай калса түштөнүүдөн баш тарта турганын айтканы бар. Муну менен бирге Л.Путина тамак аябай жаккан учурда да Владимир Путин эч качан тамакты мактабай турганын билдирген.
2010-жылы Кремлдин башкы ашпозчусу Анатолий Галкин алкоголдуу ичимдиктерден Путин сыра менен шарапка ыктай турганын айткан.
Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин убагында этти, анын ичинде доңуздун этин аябай жакшы көрөрүн жашырган эмес. Анатолий Галкиндин айтымында, президенттин үй-бүлөсүнө кара икра менен жасалган чүчпара абдан жакчу. Борис Ельцин уй этинен жасалган колбасаны баалаганы, экзотикалык тамактардан алыс болгону айтылат. Ал аракка жана сапаттуу коньякка көңүл койгон.
Беларустун президенти Александр Лукашенко улуттук ашкананы жактырат. "Балыкты, кара нанды жактырам. Тамак-аш тизмемде сөзсүз мөмө-жемиш, шире болушу керек. Балмуздакты аябай жакшы көрөм",- деген ал. Лукашенконун кайненеси Елена Желнерович күйөө баласынын табити көп жылдан бери өзгөрүүсүз келе жатканын айтат.
Франциянын мурунку президенти Николя Саркози артишок менен даярдалган макаронду, шарапты жактырат жана сыр жебейт. Мамлекетти башкарып турган жылдары Саркози Елисей сарайынан анча алыс эмес жерде жайгашкан ресторандан түштөнүп жүргөн. Анын сүйгөн тамагынын 1 порциясы ошол кезде 82 еврону түзгөнү айтылат.
Германиянын канцлери Ангела Меркель сүйүктүү тамак-аштарын кенен айткан лидерлердин бири. Меркель картошка менен даярдалган шорпону жана балык азыктарын жактырат. Майрамдарда өзү каздын этинен салат жана тамактарды даярдайт. Ошондой эле чочконун этинен жасалган колбасаны жактырып жейт. Меркелдин жеке ашпозчусу анын сыр дегенде ичкен ашын жерге коёрун айтат. Ичимдиктен шарап менен сырага жакын.