2015-жылы өндүрүш 8 пайызга өсүп, ички дүң продукциянын көлөмү 6 пайызды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында “2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, келерки жылы бюджеттик каражаттардын көпчүлүгү энергетика тармагына, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун салууга жана "Датка-Кемин" электр линияларын курууга жумшалат.
Келерки жылы токой, суу чарба кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт. Бул максатты ишке ашыруу үчүн бюджеттен 1 миллиард 400 миллион сом каражат каралууда. Чек арага чектеш аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 100 миллион сом бөлүнүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев 2014-жылдын 8 айынын жыйынтыгында бажы жана салыктан 2 миллиард 430 миллион сом каражат түшпөй калгандыгын маалымдады.
Жыйында комитет мүчөлөрү республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси менен курулушу башталып, аягына чыкпай калган социалдык объектилерге каражаттарды өз убагында берүү тууралуу сунуштарын айтышты. Жыйынтыгында комитет “КР 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш-пикирлерди эске алуу менен 1-окууда жактырды.