“Кыргызстандагы партияларга карата терс мамиле болуп жатканы байкалууда”,- деди бүгүн, 23-сентябрда “Шайлоо-2015: Жаңы үмүттөр” тегерек столдун жүрүшүндө профессор Алмазбек Акматалиев. Анын айтымында, партияларга болгон терс мамиле коркунучтуу таасир этиши мүмкүн. “Мындай көрүнүш адистер мактаган парламенттик системге терс мамиле алып келе алат. Мындан улам коом жалпы бийликке ишеничин жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан муну изилдеп чыгуу керек. Себеби мындай тенденция кандай жыйынтыктарга алып келерин эч ким билбейт”,- деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары Акматалиев коомчулукта “өлкөгө кожоюн керек”, “Кыргызстанда кайра президенттик системди киргизиш керек” деген сөздөр айтылып жаткандыгын белгиледи. “2015-жылга чейин туруктуу түшүнүктүү эрежелер керек. Партиялар кандай систем менен иштөө керек экендигин билиши зарыл”,- деп кошумчалады адис.