Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер!
Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышынын 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мамлекеттик тил түзүлгөндөн бери чейрек кылым өттү. Бул аралыкта анын өнүгүшү жана өлкөдө жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн сүйлөшү үчүн көп нерсе жасалды. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүк жана ресурсун колдонууга аракет жасайт",- деп башталган куттуктоодо эне тилдин коомдогу зор орду тууралуу кенен сөз болот.