АКШнын Флорида штатынын 21 жаштагы тургуну Жасмин Трайдевил көптөн берки кыялына жетип, пластикалык операциянын жардамы менен өзүнө үчүнчү эмчек жасатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 23-сентябрда жарыялашты. Бул жоругу менен көпчүлүктү таң калтырган Жасмин: “Мага үчүнчү эмчек жасап берчү адамды табуу кыйынга турду. Мен 50дөн ашуун дарыгерге чалдым, бирок баары тең менин өтүнүчүмдү четке кагышты”,- дейт. Анткен менен анын кыялын жүзөгө ашырган дарыгер табылып, операция үчүн 20 миң доллар төлөгөн. Жасминдин үчүнчү эмчеги силикон имплантынан жана курсагындагы клеткалардын түркүмүнөн жасалган.
Жасминдин ата-энеси болсо кызынын мындай болуп кубулганына нес болуп, аны менен мамилесин үзүшкөнү айтылды.