Кыргызстанда 8 айда 9,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлдү

Кыргызстанда 2014-жылдын 8 айында 9 миллиард 608,7 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда кышка даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. ГЭСтерден 8 миллиард 865 миллион 100 миң киловатт-саат, ЖЭБдерден 743,6 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыл башынан бери лимиттен ашыкча 276 миллион киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылганы белгилүү болду. Кырдаалга байланыштуу быйыл Кыргызстан электр кубатын экспорттоону пландаган жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан