Өкмөт башчы электр энергиясын үнөмдөө боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатканын айтты

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "массалык өчүрүүлөр болот" деп электр энергиясын үнөмдөө боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатканын айтты. Кышка даярдык көрүү боюнча өтүп жаткан жыйында премьер-министр "3 фазаны колдонууга чектөө киргизилип жатканын түшүндүрүш керек. Иш туура эмес багытта бара жатат. Калкка бурмаланган маалыматтар жетүүдө" деп билдирди. Өкмөт жетекчиси аймактардагы мектептер, ооруканалар, бюджеттик мекемелердин кышка даярдыгын текшерүү үчүн бардык облуста өкмөт мүчөлөрү жүргөнүн айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан