Бишкектеги №4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сатылышы боюнча сот отуруму 6-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, бүгүн Бишкек шаардык сотунда айыпталып жатышкан Бегайым Алиева жана Шарапат Мамырканованын иши боюнча сот отуруму башталган. Бирок күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылган.
Эске салсак, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле. Кылмышка шектүү болгон Нуржан Мекенова, Шарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму 19-июнда болгон. Соттун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Мекеновага 270 миң сом айып пул салынган. Биринчи инстанциянын чечимине макул болбогон жактоочулары апелляциялык түрдө Бишкек шаардык сотуна арызданышкан.