Баткендин Сүлүктү шаарында өндүрүлгөн көмүрдүн 80 пайызы коңшу өлкөлөргө чыгарылып кетип, Кыргызстанга 20 пайызы гана калууда. Муну 23-сентябрдагы өкмөттүк жыйында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айтты. Вице-премьер аймактарда кышка кам көрүү иши план боюнча жүрүп жатканын, көмүр кендеринин көпчүлүгү жанында экенине карабай Сүлүктү шаары өзүнө көмүр камдоо жагынан артта калып жатканын кошумчалады.
Баткенде бүгүн жыйын өткөргөн Маматалиев "эгер көмүрдүн баасы 1-октябрга чейин арзандабаса, акимдер иштен айдалат" деп билдирген эле.