Галина Скрипкина: "Федералдык миграция кызматы Орусиядагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматын берүүгө даяр"

Орусиянын Федералдык миграция кызматы Орусияда жүрүшкөн кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын Кыргызстанга берүүгө даяр. Муну 23-сентябрда "Жарандарды биометрикалык каттоо" деген темада Бишкекте өткөн тегерек столдо парламент депутаты Галина Скрипкина билдирди. "Бардык иште чечилбеген маселелердин үлүшү бар, бирок биометрикалык каттоодо салыштырмалуу төмөн. Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын өз учурунда берүүсү абдан маанилүү. Ошондо БШК таза, ачык шайлоо өткөрүү боюнча мыкты методика иштеп чыгат",- деди ал.
Скрипкина 1 миллионго жакын Кыргызстандын жараны Орусияда жүргөнүн, Федералдык миграция кызматы Орусия аймагында жүргөн кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын алып берүүгө даяр экенин кошумчалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан