Бишкекте белгисиз адамдар коопсуздук агенттиктиктин жетекчисин атып өлтүрүп, 1,5 миллиондон ашык АКШ долларын алып из жашырып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, кечээ кечинде Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан куралчан белгисиз адамдар коопсуздук агенттигинин 45 жаштагы жетекчисин атып өлтүрүп, дагы эки кызматкердин бирин катуу ур-токмокко алып, экинчисин ок атуучу курал менен атып жарадар кылышкан соң, инкассатор унаасындагы 1,5 миллиондон ашык АКШ долларын алып из жашырып кетишкен.
Учурда жаракат алган эки кызматкер ооруканада. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы маалым болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган агенттик жеке ишкерлерге инкассаторлук кызмат көрсөтүп келишкен. Уурдалган акча Бишкектеги соода борборунун биринде эмгектенген ишкерлерге таандык болгон.