Бүгүн, 24-сентябрда парламент жыйынында депутаттар көмүрдүн баасы боюнча жооп берүүсү үчүн тиешелүү жетекчилерди парламентке чакырышууда. Айтымдарында, көмүрдүн баасы күндөн-күнгө жогорулап жатат. “Мамлекеттик геология агенттигинин, Монополияга каршы аракеттенүү агенттигинин жетекчилерин бул жерге чакырып, көмүрдүн баасы боюнча жообун угалы. Азыр көмүрдүн баасы 6-7 миң сом болуп жатат, эгерде катуу суук түшчү болсо, 11 миң сом болуп кетиши мүмкүн”,- дешти депутаттар.
Спикер Асылбек Жээнбеков бул боюнча өткөн жумада өкмөт жетиштүү жооп бергенин айтып, күн тартибине киргизе албай турганын билдирди. “Көмүрдүн баасын ылдыйлатуу, ага көзөмөл кылуу боюнча бир пункт менен бекитип, токтом кабыл алдык. Эгерде өкмөттүн жооп берүүсүн кааласаңыздар, эртең дагы келишет, ошондо жооп ала аласыздар”,- деди Жээнбеков.