Бөдөш Мамырова Ошто Июнь окуясы боюнча тасма көрсөтүлгөнүн айтып, этият болууга чакырды

"Эки күн мурун Ошто министрлердин катышуусунда тегерек стол болуп, анда Ош окуясы боюнча тасма көрсөтүлдү. Тасма ким тарабынан көрсөтүлгөнүн иликтеп чыгыш керек". Муну депутат Бөдөш Мамырова парламенттин 24-сентябрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, эки улуттун ортосунда жакшы мамиле түзүлүп турганда кайрадан от тутантып албоо керек. “Эки эл бири-бири менен жакшы мамиледе болуп турганда, Ош окуясы боюнча тасма көрсөтүш керек беле? Асылбек Шарипович, жыйынга кайсы министр катышканын, тасма ким тарабынан көрсөтүлгөнүн териштирүүгө тапшырма бериңиз. Анткени бул маселеге абайлап мамиле кылыш керек, кайрадан от тутантып албайлы”,- дейт Мамырова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан