Коргоо министри: "Кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында Түркия тарабынан бизге 12 миллион доллар жардам берилген"

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстанга Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз келди. Аны КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Кудайбердиев: “Кыргыз-түрк кызматташтыгынын жылдарынын ичинде Түркия тарабынан бизге 12 миллион доллар жардам берилип, аскер техникасы, компьютердик жана медициналык жабдуулар жана башка тармак боюнча көмөк көрсөтүлгөн”,- деди.

Анын айтымында, Түркиянын терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө чоң тажрыйбасы бар. “Кыргызстан үчүн мындай көйгөйлөр да актуалдуу. Мындай тажрыйба менен алмашуу биз үчүн өтө маанилүү”,- деп кошумчалады министр.

Мындан тышкары ал Түркиянын Коргоо министрин мамлекетте президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр жабык эшик артында улантылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан