Кыргызстан жана Түркиянын коргоо министрлери аскердик кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз жана КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев бир нече өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюшту.
Маалыматка ылайык, алар төмөнкү маселелер боюнча документтерди бекитишти:
1) Аскердик медицина тармагында окутуу жана кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөр аралык келишими;
2) Аскердик каржылоо кызматташтыгы боюнча КРнын жана Түркия Республикасынын өкмөттөр аралык келишими;
3) Акчалай жардам көрсөтүү боюнча КРнын жана Түркия Республикасынын өкмөттөр аралык протоколу.
Андан соң коргоо министрлери бири-бирин баалуу белектер менен сыйлашты.
Мындан тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, бүгүн КРнын мамлекеттик резиденциясында саат 15:00 чамасында Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз аталган штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев менен жолугушуу өткөрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан