Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков Чаткалдагы компаниядан уурдалган алтын боюнча кайрадан маселе көтөрдү. Депутат окуяны эске салып, алтын казуу иши менен алектенген компаниянын кеңсесинен 5 килограмм алтын жана 300 миң сом уурдалганы боюнча өкмөт өкүлдөрүнө суроо узатты. "Кыргызстанда эмне баш аламандыктар болууда? Фирманын кеңседе алтын сактоого укугу бар беле?"- деди депутат.
Парламенттин мурунку жыйынында ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев бул фактыга шектелгендер кармалып, кылмыш иши козголгонун айткан эле.