Биометрикалык маалыматтарын берүүдөн баш тарткандарга 10 миң сом айып салуу сунушталууда

Бүгүн, 24-сентябрда парламент жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”) мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи депутат Абдыжапар Бекматовдун айтымында, биометрикалык маалыматын берүүдөн баш тарткан адамдарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки айып пул салынат.

Жыйында депутат Улукбек Кочкоров сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы чыкты. “Бизде канчалаган жарандар айылдардан келип, эптеп жанын багып жатышат. Алардын каттоосу жок болуп калса, айып пул салуу туура эмес. Ансыз деле элдин парламентке нааразычылыгы күчөп турат. Мен буга каршымын”,- деди ал.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан