Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз Бишкекте иш сапары менен жүрөт. Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Түркия тараптын ортосунда 2 макулдашууга кол коюлду. Макулдашуу аскердик саламаттыкты сактоо жана аскердик каржылоо багыттарында түзүлдү. Ага ылайык, кыргыз армиясынын офицерлери Түркиядан бекер дарыланып жана билим алып келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жыл сайын 1 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берүү боюнча протоколго да кол коюлганы айтылды.