Сунушталган мыйзам долбоорлору - Бажы биримдигинин талаптарына ылайык келтирүү максатында сунушталып жаткан документтер. Экономика министри Темир Сариев Бажы биримдигине кошулуунун оң-терс жактарына токтолуу менен депутаттарга сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун маңызын чечмелеп берди.
"Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кошулуу боюнча саясий чечим кабыл алынып, жол картасы бекитилген. Эми 2015-жылдын башына чейин мыйзамдарды Бажы биримдигинин талаптарына дал келтирүү милдети турат. Бажы биримдигине кошулуу менен соода-сатык жүргүзүүнүн, өндүрүштүн, бажы катнашынын тартиби өзгөрөт",- деди министр.
Жыйында ишкерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, фискалдык тармактын эксперттери өз сунуштарын айтышып, 16 мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.