Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 24-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин башкы директору Клаус Герхаузер менен жолугушту. Жолугушууда Сариева билим берүү тармагында көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн конокко ыраазычылык билдирди. "Билим берүү министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын кызматкерлери менен бирге "Билим берүү системин бекемдөө - тармакты өнүктүрүү программасы" деген жаңы долбоор иштеп чыкты. Бул билим берүү системи үчүн комплекстүү реформа жасоого багытталган. Билим берүү системин реформалоо 3 багытты камтышы керек. Биринчиси - окуу-методикалык комплекстердин стандарттык сапатын жакшыртуу, экинчиси - мугалимдердин ишинин сапатын көтөрүү, үчүнчүсү - мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу программасы. Тармакты реформалоо тар түшүнүк эмес, турмуштук зарылчылык",- деди өкмөт өкүлү.