"Мамлекет саясий партияларды каржылагандан көрө үңкүрдө жашап жаткан үй-бүлөлөрдү каржылаш керек". Бул тууралуу депутат Дамира Ниязалиева ЖКнын 24-сентябрдагы отурумунда партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоого багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. Анын айтымында, Чүй облусунда бир үй-бүлө төрт жылдан бери үңкүрдө жашап жатат.
“Биз азыр “партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоо керек” деп жатабыз. Бирок азыр элдин шартын көрүп жатасыздарбы, баары кымбаттап, эл кыйналууда. Чүйдө бир аял балдары менен үңкүрдө жашап жатыптыр. Партияларды каржылагандан көрө ошого окшогондорго жардам бербейлиби?..”- деди Ниязалиева.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Абдыжапар Бекматов: “Саясий партияларды каржылоону бүгүн болбосо, эки-үч жылдан кийин ишке ашырса болот”,- деп жооп берди.