Биометрикалык маалыматын берүүдөн качкандарга айып пул салууга багытталган мыйзам долбоору артка кайтарылды

Депутаттар биометрикалык маалыматын берүүдөн качкан жарандарга айып пул салуу жана саясий партияларга банктардан кредит алууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун артка кайтарышты. Мындай чечим бүгүн, 24-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Депутат Абдыжапар Бекматов тарабынан сунушталган мыйзам долбоору биометрикалык маалыматтарды тапшыруудан баш тарткандарга 5 миңден 10 миң сомго чейин айып салуу, каттоосу жок жашап жана иштегендер айыптын көлөмүн жогорулатуу, буга катар эле партияларга банктан кредит алууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялардын ишмердүүлүгү үчүн каражат мамлекеттин эсебинен бөлүнөт.

Талкууда депутаттар сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы чыгышып, кайрадан иштеп чыгуу сунушун киргизип, артка кайтаруу чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан