Чиновниктердин жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтү 14 күнгө чейин кыскартылмакчы

Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-сентябрда жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам демилгечиси депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралса, айрымдарында 14 күндүк мөөнөт каралган. Ошондуктан айырманы жоюп, кайрылууларга жооп берүүнү 14 күндүк мөөнөт кылуу сунушталууда. Депутат Дамира Ниязалиева, Ирина Карамушкина, Назарали Арипов 14 күндүк мөөнөт жарандарга ынанымдуу жоопторду берүүгө өтө аздык кыларын, 1 айлык мөөнөттү өзгөртүүсүз калтыруу керектигин айтышты. 

Депутаттар Дастан Бекешев, Турсунбай Бакир уулу жана башкалар мыйзам долбоорун колдоого алышты. 

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан