Кыргызстандагы 77 миң жарандын эски паспортун алмаштырууга 17 миллион сом керек

Кыргызстанда 77 миң жарандын эски үлгүдөгү паспортун жаңыга алмаштырууга 17 миллион 248 миң сом керек. Муну парламенттин 24-сентябрдагы жыйынында депутат Эристина Кочкарова билдирди. Жыйында “1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №295-V токтому күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтом долбоору талкууланды. Депутат өлкөдөгү 438 миң пенсионердин 200 миңи эски паспортторун алмаштырганын айтты. Ал эми 11 миң жаран 1974-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүрүшөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан