Алтынбек Максүтовдун министрликке талапкерлигин 600 маданият ишмери колдоорун айтып, кол коюп беришти

Алтынбек Максүтовдун министрликке талапкерлигин 600 маданият ишмери колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө режиссёр Эрнест Абдыжапаров кабарлады.

"КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек маданиятты өнүгүү жолуна сала турган адам. Бүгүнкү күндө маданият ишмерлеринин 90 пайызы анын талапкерлигин колдойт жана биздин үмүттү парламент актап, аны бул кызматка бекитет”,- деди ал.
Маалымат жыйынынын жүрүшүндө уюштуруучулар журналисттерге бир катар маданият ишмерлеринин колу коюлган кагаздарды таратышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан