Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.
Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда өздүк булактарыбыз маалымдады. Сагынбаева бул кызматка 2011-жылдын 24-декабрында өлкө башчынын буйругу менен дайындалган.
Айта кетсек, акыркы күндөрү Сагынбаевага абдан көп сын айтылып келген. "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ден соолугунун начарлашы тууралуу медициналык корутундунун берилишине көпчүлүк депутаттар ушул министрди күнөөлөгөн. Бул боюнча Батукаевге байланыштуу ишти иликтеген депутаттык комиссиянын чечиминде да айтылган. Мындан сырткары тармакта реформа жасай албаганы үчүн министрге сындар жаап келген.